Бишкек, 17.05.26. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата мектепке 1-класстарга 192 миң 250 квота берилип, алардын ичинен 68 миң 643 бала катталып, 123 миң 607 орун бар. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин санариптик трансформация бөлүмүнүн башчысы Гүлиза Көчөрбаева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, каттоо өлкөнүн бардык аймактарында электрондук форматта жүрүүдө.
“Жети жылдан бери Кыргызстанда мектепке 1-класска каттоо тартиби электрондук форматта өтүп жатат. Биринчи жылы пилоттук режимде өтсө, кийинки жылдардан тартип электрондук түрдө кадимки тартипте өтүп келет. Мектепке кабыл алуудагы өзгөчөлүктөрү былтыр 12 жылдык билим берүүнүн алкагында мектепке 1-2-класстарга балдар кабыл алынса, быйыл 1-класска гана кабыл алынууда. Биринчи этап 1-апрелден башталса, экинчи этап 1-июндан башталат. Биринчи этапта ата-энелер туруктуу жашаган жери боюнча балдарын каттай алат. Системада ата-энелерге жашаган жерине жараша бир мектеп көрсөтүлөт”,- деди Көчөрбаева.