УКМК Аламүдүндө 1 га жер мыйзам бузуу менен берилгенин аныктады

Укук тартиби Загрузка... 09 Февраль 2026 11:52
WhatsApp Image 2026-02-09 at 10.56.24.jpeg
copyright icon УКМК

Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. УКМК Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысын аныктады.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Аламүдүн районунун Таш-Дөбөн айыл өкмөтүнүн мурдагы кызмат адамдары Р.Э.Р.ге Таш-Дөбөн айыл өкмөтүнүн "Сейил" тилкесинде жайгашкан 1,01 гектар жер тилкесин мыйзамсыз бергени аныкталган.

Айыл чарба министрлигинин Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматынын корутундусуна ылайык, жогоруда аталган жер участогун берүүдө мыйзамдын бузулушуна жол берилген.

Бул фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, Н.А.К. кармалган.

Учурда жогоруда аталган фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

WhatsApp Image 2026-02-09 at 10.57.45