Өзбекстандын аэропортторунда Tax Free системасы иштей баштайт

Борбор Азия Загрузка... 09 Март 2026 12:20
p_09 (1).png
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 09.03.26. /Кабар/. 1-апрелден тарта Өзбекстандын бардык аэропортторунда чет өлкөлүк жарандар үчүн кошумча нарк салыгын (КНС) кайтарып берүүчү Tax Free системасы иштей баштайт. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, президент Шавкат Мирзиёев чет өлкөлүк туристтерге сатып алган товарлары үчүн КНСти кайтарып берүү системасын өркүндөтүү боюнча чараларды бекитти. Демилге чекене соодадагы эсептешүүлөрдүн ачык-айкындыгын жогорулатууга жана көмүскө товар жүгүртүүнү кыскартууга багытталган.

Жаңы тартипке ылайык, КНС кайтаруу колдонулган товарлардын категориясына коюлган чектөөлөр алынат. Ошондой эле салыктын бир бөлүгүн кайтарып алуу үчүн минималдуу сатып алуу суммасы 1 млн сумдан (79 доллар) 300 миң сумга (24 доллар) чейин төмөндөтүлөт.

Мындан тышкары, чет өлкөлүк жарандардын банктык карталарына КНСти кайтарып берүү мөөнөтү кыскарып, төлөмдөр үч жумуш күнүнүн ичинде жүргүзүлөт. Ошондой эле чет элдиктер төлөнгөн салыкты накталай акча түрүндө да ала алышат, бирок оператор кызмат көрсөтүү үчүн 15% кармап калат, ал эми картага кайтарылган сумма салыктын 90%ына чейин жетет.

Эске салсак, 2025-жылдын ноябрында Өзбекстандын президенти аэропорттордо жана чек ара өткөрмө пункттарында Tax Free системасын киргизүү тууралуу токтомго кол койгон.