Ысык-Көл, 05.09.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн ”Көчмөндөр жаңырыгы” эл аралык этно-музыка фестивалы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Жабылуу аземине министр Мирбек Мамбеталиев катышып, жеңүүчүлөрдү куттуктап, сыйлыктарын тапшырды. Ошондой эле фестивалдын бардык катышуучуларына ыраазычылык билдирди.
Фестивалдын башкы байгеси — Гран-при Кыргызстандын өкүлү Нурдөөлөт Деркембаевге ыйгарылды.
“Калыстар тобунун чечими менен биринчи орунду Түндүк Македониянын өкүлү Васил Ангелов, экинчи орунду Казакстандын өкүлү Жасмина Тлеумбетова ээледи. Ал эми көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгында Монголиянын өкүлү Одмандах Баяраа биринчи орунга татыды”, - деп айтылат маалыматта.
”Көчмөндөр жаңырыгы“ фестивалы дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн музыкалык салттарын бир сахнага бириктирип, улуттук мурастарды таанытууга, маданияттар аралык байланышты өнүктүрүүгө жана чыгармачыл кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түздү.