Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сот аткаруучулар бөлүмү ири өлчөмдөгү алиментти өндүрүү боюнча сот актысынын аткарылышын камсыз кылды. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, карызкор И.А.Б.га карата мыйзамда каралган мажбурлап аткаруу чаралары көрүлүп, анын эмгек акысынан тиешелүү каражаттар кармалып турган. Натыйжада, 2022-жылдын 16-августунан бүгүнкү күнгө чейинки мезгил үчүн топтолгон карыз толугу менен өндүрүлдү.
Өндүрүлгөн алименттин жалпы суммасы 15 млн 843 миң 380 сомду түзүп, акча каражаттары өндүрүп алуучу И.А.А.нын эсебине толугу менен которулду.