Бишкекте ажатканадан 6 айлык түйүлдүктүн сөөгү табылды

Укук тартиби 1781 20 Февраль 2025 17:10
WhatsApp Image 2025-02-20 at 14.17.26.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-20 at 14.08.49.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-02-20 at 14.17.26.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-20 at 14.08.49.jpeg
Алдыга
Артка

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын Киев көчөсүндөгү имараттардын бириндеги ажатканадан 5-6 айлык түйүлдүктүн сөөгү табылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Ленин РИИБинен билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, бүгүн саат 09:57лер чамасында 102 кызматына ажатканада түйүлдүктүн жатканы жөнүндө маалымат келип түшкөн.

Бул факт Ленин РИИБинде катталып, ыкчам-издөө иш-чаралары башталган.

Анын жүрүшүндө 25 жаштагы К.С. аттуу жаран Чүй облусунун Кара-Балта шаарынан кармалып, Тергөө кызматына алып келинди.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.