Ак-Ордо конушунда "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу иштери жүрүүдө

Коом 554 03 Февраль 2025 13:44
5260302612601891855.jpg
5260302612601891848.jpg
5260302612601891867.jpg
Алдыга
Артка
5260302612601891855.jpg
5260302612601891848.jpg
5260302612601891867.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек электр тармактар ишканасынын басма сөз кызматы

Бишкек, 03.02.25. /Кабар/. Быйыл борбор калаада Бишкек электр тармактар ишканасы тарабынан 28 миң"акылдуу" эсептегич (электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасы) орнотуу пландаштырган.

Ишканадан билдиришкендей, бүгүнкү күндө Ак-Ордо жаӊы конушунда "акылдуу" эсептегич орнотуу иштери жүрүүдө. Аталган конушка 4 560 эсептегич орнотулмакчы.

Белгиленгендей, эсептегичтерди орнотуу энергетика тармагын санариптештирүүнүн алкагында, ошондой эле электр энергиясын бөлүштүрүүнүн, электр энергиясын контролдоонун жана эсепке алуунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында ишке ашырылууда.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында "акылдуу” эсептегичтерди орнотуу иштери 2012-жылы башталган. Азыркы учурда Бишкек шаары боюнча 136 064 “акылдуу” эсептегич орнотулган. Алардын ичинен 86 180 бир фазалуу жана 49 884 үч фазалуу эсептегичтер.