Бишкек, 08.09.26. /Кабар/. Медетканов Жыргалбек Баатырбекович курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары болуп дайындалды.
Ведомстводон маалымдашкандай, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Жыргалбек Медетканов буга чейин министрликке караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору кызматын аркалап келген. Анын курулуш тармагындагы эмгек жолу 2008-жылы инженер адиси болуп башталган.
Белгилей кетсек, буга чейин министрдин орун басарынын кызматын Талантбек Иманакун уулу аркалап келген. Тиешелүү чечимге ылайык, ал аталган кызматтан бошотулду.