Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Жыл башынан бери 90 турак жайга 22 млн сом камсыздандыруу төлөмү берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу департаментинин директору Актан Турумбеков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылы кырсык болгон учурда 247 турак жай ээсине 92 миллион сомго жакын келтирилген чыгымдар төлөнүп берилген.
“Жаз айларында жаан-чачын көп болуп, сел кырсыктары көбөйгөнүн көрүп турабыз. Ошондуктан биздин Мамлекеттик камсыздандыруу уюму өзүнүн эң негизги иш-аракетин турак жайды табигый кырсыктардан жана өрт кырсыгынан камсыздандыруу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүп келет. Жыл башынан бери мамлекетибизде расмий түрдө бардыгы болуп 1 млн 300гө жакын турак жай катталган болсо, алардын 350 миңге жакыны камсыздандыруу полисин Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан алган”,- деди Турумбеков.