Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда жумуш издеген жарандар жана иш берүүчүлөр үчүн Jumush.gov.kg жана Find-Ish.gov.kg жаңы санариптик платформалары ишке кирди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде өткөн брифингде маалымдалды.
Брифингде жаңы платформалардын функционалдык мүмкүнчүлүктөрү, аларды жарандар жана иш берүүчүлөр кандай пайдалана алары, ошондой эле эмгек рыногундагы кызматтарды санариптештирүүдөгү ролу тууралуу маалымат берилди.
Министрликтин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү башкармалыгынын башчысы Наргиза Туркебекова билдиргендей, платформалар ушул жылдын 22-июлунан тарта пилоттук режимде иштеп келген.
Анын айтымында, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Башкы прокуратуранын алдындагы “Укук” мамлекеттик мекемеси менен биргеликте аталган бирдиктүү электрондук порталдарды ишке киргизди.
“Бул жөн гана кезектеги электрондук сервис эмес, бул — Кыргызстандын эмгек рыногунун бирдиктүү, заманбап санариптик экосистемасы. Бүгүнкү күндө миңдеген мекендештерибиз татыктуу жумуш издеп жатса, экинчи тарапта иш берүүчүлөр квалификациялуу адистерге муктаж болууда. Мамлекеттин негизги милдети — ушул эки тарапты максималдуу түрдө ачык, тез жана натыйжалуу байланыштыруу”, - деди Туркебекова.
Белгилей кетсек, порталдар аркылуу жумуш издеген жарандар республика боюнча актуалдуу бош жумуш орундарын онлайн көрүп, министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө барбастан электрондук түрдө жумуш издөөчү катары катталып, арыз бере алышат. Ошондой эле өз резюмесин жайгаштырып, иш берүүчүлөр менен ортомчуларсыз түз байланышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.