Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Бишкек шаарында жол эрежесин одоно бузган коомдук-муниципалдык транспорттун айдоочулары аныкталса, айдоочулардын “кара тизмесине” киргизилет. Бул тууралуу “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылы жол эрежесин бузган 537 айдоочу “кара тизмеге” киргизилген жана бул айдоочулар “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасына кайра ишке алынбайт.
“Айрым айдоочуларды кайра жол эрежелерин окууга жөнөтүп жатабыз, анткени жол коопсуздугу барынан маанилүү. Учурда шаардагы коомдук-муниципалдык транспорт 99 пайыз жаңыланды. Ар бир автобусту колдонуу мөөнөтү 10 жыл, бул убакыт аралыгында автобустарды жакшы иштетишибиз керек. Азыр “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын балансында 1 миң 339 бирдик автобус бар. Андан тышкары, 2024-жылы түзүлгөн келишимдин негизинде январь айында 68 бирдик евро стандарт автобустар келди”,- деди Талант Капаров.
Ишкана өкүлү билдиргендей, бүгүнкү күндө жалпысынан 1 миң 407 бирдик автобус баланста бар. Күнүнө Бишкек шаары боюнча 58 каттамга 1 миң 200 автобус элди тейлөөгө чыгып турат.
“Мисалы, 2022-жылы Бишкек шаарынын транспорт каттамдарынын 90 пайызы жеке менчик, 10 пайызы гана коомдук транспорт болгон. Ал эми азыр тескерисинче 90 пайызы коомдук-муниципалдык транспорт, 10 пайызы жеке менчик микроавтобустар”, - дейт ал.
Ошондой эле Талант Капаров 30 жылдан бери эл жеке менчик микроавтобустарда жүрүп, аялдама жок, каалаган жерден транспортту токтотууга көнүп калгандыгын кошумчалап, азыр мындай көрүнүшкө жол берилбестигин, жүргүнчүлөрдүн маданиятын жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.