Бишкек, 05.03.25. /Кабар/. Жогорку Кеңеште өлкөдөгү авиакассаларды билеттерди сатуудан мурун кардарлардын айып пулун текшерүүгө милдеттендирүүнү сунуштаоды. Бул тууралуу депутат Бактияр Калпаев парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
Анын айтымында, көп адамдар 20-30 миң сомго билет сатып алышып, бирок аларды аэропорттон чыгарууга тыюу салынып, айып пул же насыя төлөшү керек. Кээде 1000 сом үчүн деле 20 миң сом үчүн адам сынып калат.
"Башка өлкөгө учаардан мурун айып пулду төлөп, кредиттерди жабуу керек. Бирок, буга шарт түзүп берүү зарыл деп ойлойм. Өкмөттөн авиакассаларды авиабилеттерди сатуудан мурун кардарлардын айып пулун текшерүүгө милдеттендирүүнү суранам. А эгер айып болсо, аны төлөө керектигин айтышсын. Ошондой эле аэропортко күнү-түнү иштеп, дароо айып пул төлөй турган терминал орнотуу керек", - деди эл өкүлү.