ЖК комитети Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө Бахадыр Конуровдун талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш 2619 18 Март 2025 12:07
IMG_4442.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
485007934_966297639016792_8968108138276152231_n.jpg
Алдыга
Артка
IMG_4442.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
485007934_966297639016792_8968108138276152231_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon www

Бишкек, 18.03.25. /Кабар/. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети бүгүн, 18-марттагы отурумунда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлүгүнө шайлоо үчүн Бахадыр Конуровдун талапкерлигин карады.

Парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, талапкер боюнча сунуштама жана маалыматты «Ишеним» парламенттик фракциясынын лидери Улугбек Ормонов берди.

Комитет мүчөлөрү Бахадыр Конуровдун талапкерлигин жактырып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлүгүнө шайлоо үчүн колдоп беришти.