Жеңилдетилген насыялардын 71,7 пайызы аял ишкерлерге берилди

Экономика

Алдыга
Артка

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда аялдар жетектеген ишкердик субъекттеринин саны 2023-жылы 220 миң болсо, 2026-жылдын 1-майына карата 246 миңге жетти. Бул үч жылга жетпеген убакытта 11,8 пайыздык өсүштү түзөт. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк ишкер аялдардын күнүнө карата уюштурулган иш-чарада экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова билдирди.

Жеңилдетилген насыялардын 71,7 пайызы аял ишкерлерге берилди

Орун басардын маалыматына ылайык, аял ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүү программасында каржылоонун кеминде 30 пайызын аялдарга берүү максаты коюлган.

“Бирок иш жүзүндө алардын үлүшү 71,7 пайызга жетип, 519 насыя аркылуу 5,52 млрд сом берилген. Бул белгиленген көрсөткүчтөн 2,4 эсе көп. Аялдардын жеңилдетилген каржылоого болгон суроо-талабы жогору. Бул көрсөткүчтөр айымдардын ишкердигин колдоо боюнча экономикалык саясатты мындан ары да өнүктүрүү зарылдыгын көрсөтүп турат.
Жыл аягына чейин программанын каржылоосун дагы 2,5 млрд сомго көбөйтүү каралган. Учурда тигүү тармагына 0 пайыздык, ал эми экономиканын башка тармактарына 6 пайыздык үстөк менен насыялар берилүүдө. Программа кийинки жылы да улантылат”, - деди Нурланова.

Мындан тышкары, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында аялдарга ишкердикти өнүктүрүү үчүн 211 миң 843 насыя берилген. Бул жеке жактарга берилген бизнес-насыялардын жалпы санынын 54,3 пайызын түзөт. Аялдардын учурдагы насыялык портфели 50,23 млрд сомго жеткен.

Ошол эле мезгилде "Кепилдик фондунун" 655,4 млн сомдук кепилдиктери аркылуу аял ишкерлер 2,4 млрд сомдон ашык насыя тартууга мүмкүнчүлүк алышкан. Орточо эсеп менен бир сомдук кепилдик 3,7 сомдук насыялык каражатты камсыздаган.

Министрдин орун басары аялдардын мамлекеттик сатып алууларга катышуусун кеңейтүү жана аларды колдоонун жаңы механизмдерин иштеп чыгуу пландалып жатканын кошумчалады.

“Бул багытта декабрдын аягына чейин мыйзамдык өзгөртүүлөрдү жана колдоо инструменттерин камтыган сунуштардын алгачкы топтому даярдалат. Аял ишкерлерди колдоо боюнча чараларды иштеп чыгууга ассоциациялардын жана ишкер аялдардын өздөрү активдүү катышышы керек. Министрликтин алдындагы кеңеш жөн гана кеңеш болуп калбастан, иш жүзүндө натыйжа бере турган аянтча болушу зарыл”, — деди ал.

Иш-чарада ошондой эле, ишкер айымдарга министрликтин Ардак грамоталары тапшырылды.