“Жеңилдетилген ипотека” багытында кезекке тургандардын саны көп – МИК

Коом Загрузка... 26 Февраль 2026 14:20
614916029_3690064944470011_5773602060009873879_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын “Менин үйүм” программасынын алкагында “Жеңилдетилген ипотека” багытына кезекке тургандардын саны басымдуулук кылат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын Сатуулар башкармалыгынын башчысы Кылычбек Келдибеков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Белгилей кетсек, Ипотекалык компаниянын сайтындагы 2025-жылдын 29-августунда жаңыланган тизмесинде “Жеңилдетилген ипотека” багытына 35 миң 459 жаран кезекте турат.

“Мамлекеттик кызматтарда иштеген жарандар катталган “Жеңилдетилген ипотека” багытына кезекке турган жарандардын саны басымдуулук кылат. Батир берүүдө пайыздык чен менен бөлгөндө жалпы кезекте турган жарандардын саны үч багыт боюнча кошулганда 100 пайыз деп эсептелет. Ошонун ичинен “Жеңилдетилген ипотекага” канчалык жаран көп болсо, ошого жараша пайыз бөлүнөт. Ошондой эле “Арзан ипотека” жана “Социалдык ипотека” багыттарына да тең салмактуулук сакталган пайыздык чен менен бөлүштүрүлөт”,- деди ал.

Компаниянын сайтындагы 2025-жылдын 29-августтунда жаңыланган тизмеде калган эки багыт боюнча кезек күткөн жарандардын саны төмөнкүдөй:

- “Социалдык ипотека” – 6 миң 251 жаран

- “Арзан ипотека” – 14 миң 112 жаран.

Эскерте кетсек, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу батир алууга электрондук кезекке туруу 2022-жылдын 21-февралында башталган. Алгач “Жеңилдетилген ипотека” жана “Арзан ипотека” эки багыты гана болгон.