Жазгы талаа иштери: Жылына 40 миң тонна күйүүчү май керектелет

Коом Загрузка... 24 Февраль 2026 12:14
WhatsApp Image 2026-02-24 at 11.40.25.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. Кыргызстанда жазгы талаа жана оруп-жыйноо иштерине жылына орто эсеп менен 40 миң тонна күйүүчү май керектелет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов жергиликтүү радиолордун бирине билдирди.

Анын айтымында, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын кампаларында жана май куюучу жайларда күйүүчү-майлоочу майдын кору жетиштүү.

"Анын 7 млн литри дизелдик отун дыйкандарга жеңилдетилген баада таратылат. Бул үчүн дыйкандар Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жана агрардык өнүктүрүү башкармалыктары аркылуу арыз бериши керек. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бекиткен жеңилдетилген баа — 74 сом. Учурда базар баасында күйүүчү майдын литри 78–80 сомду түзүүдө",—деди ал.

Туратбек Идрисов ошондой эле айыл чарба техникаларынын 85-86 пайызы жазгы талаа иштерине даяр экенин маалымдады.

"Республика боюнча жалпы 92 миңден ашык техника бар, анын 22 миңи — тракторлор, калганы — комбайн жана башка шаймандар. Азыр да оңдоп-түзөө иштери уланып жатат. Жакынкы күндөрү ишке 100 пайыз даяр болот ", — деди ал.