Жаңы конуш, заводдор жана көпүрөлөр: Бишкек быйыл кандай өзгөрдү?

Коом Загрузка... 30 Декабрь 2025 17:53
888.PNG
copyright icon www

2025-жыл Бишкек шаары үчүн ири инфраструктуралык өзгөрүүлөрдүн этабы болду. Калктын санынын өсүшү жана транспорттук жүктөмдүн көбөйүшү шартында борбор калаада турак жай, жол, экологиялык жана социалдык багыттагы ири долбоорлор ишке ашырылып, шаардын узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө жана калаа тургундарынын жашоо сапатын жогорулатууга багытталды.

Турак жай курулушу: жаңы шаар конушунун башталышы

Жыл ичиндеги эң ири долбоорлордун бири катары Бишкектин четинде жайгашкан “Алтай” турак жай комплексин куруу иштеринин башталышын атасак болот. Бул долбоор болжол менен 234 гектар аймакты ээлеп, жалпы 34 миңден ашык батири бар 1 миң 551 беш кабаттуу үйдү курууну камтыйт.

Жаңы комплекстте турак жайлардан тышкары мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер, эс алуу аймактары, бакчалар, спорттук объектилер ошондой эле ички жол тармагы жана унаа токтотуучу жайлар курулмакчы. Долбоор жеткиликтүү жана комплекстүү шаардык чөйрөнү калыптандырууга багытталган.

Жолдор жана көпүрөлөр: жол түйүндөрү тармагын масштабдуу реабилитациялоо

2025-жылы Бишкек шаарында жол куруу жана оңдоо иштери активдүү жүргүзүлдү. Жалпысынан 14 көчөнү реабилитациялоо, 5 жаңы көчө куруу жана 3 көпүрө салуу пландалган.

Бардыгы болуп 19 объектте иштер аткарылган: алсак, жалпы узундугу 19 км болгон 11 жол тилкесинде иштер толук аяктап, ал эми узундугу 10,9 км түзгөн 8 объектте курулуш иштери улантылууда.

Шүкүров жана Медеров көчөлөрүн ЧЧК аркылуу, ошондой эле Ауэзов көчөлөрүн ЖЭБ каналы аркылуу байланыштырган көпүрө пайдаланууга берилди. Ал эми Жибек-Жолу проспектисиндеги Аламүдүн дарыясы өтүүчү көпүрөнүн курулушу уланууда.

2025-жылы оңдолгон көчөлөрдүн жалпы узундугу 28,3 чакырымды түздү.

Айтматов проспектисин жаңылоо

2025-жылы Чыңгыз Айтматов проспектисин реконструкциялоо шаардык чөйрөнү модернизациялоого багытталган комплекстүү иш - аракеттердин үлгүсү болду. Жолдун туурасы 22,5 метрге чейин кеңейтилип, кыймыл үчүн алты тилке уюштурулушу негизги магистралдын унаа өткөрүмдүүлүгүн жогорулатып, шаардык транспорттук тыгындарды азайтууга жана ошондой эле транзиттик каттамдарды натыйжалуу кылууга шарт түздү.

Ошондой эле жөө жүргүнчүлөр жана велосипед тебүүчүлөр үчүн инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду: көчөнүн эки тарабында кең тротуарлар жана веложолдор курулуп, бул экологиялык транспортту өнүктүрүүгө жана шаар тургундарынын активдүү жашоо образын колдоого өбөлгө түзөт.

Көрктөндүрүү иштеринин алкагында ондогон дарактар жана декоративдик өсүмдүктөр отургузулуп, автоматтык сугаруу системасы жана жолду, тротуарларды жана веложолдорду бирдей жарыктандыруучу заманбап архитектуралык жарыктандыруу орнотулду. Мындай чаралар айрыкча кечки убакта коопсуздукту жана ыңгайлуулукту жогорулатып, заманбап, ыңгайлуу жана экологияга кам көрүүгө багытталган шаардык чөйрөнү калыптандырат.

Жаңы коомдук мейкиндиктер жана спорт

2025-жылдын ноябрь айында Жаштар күнүнө карата Д. Өмүрзаков атындагы стадиондун кичи аренасы бир нече жыл кароосуз калган абалдан кийин толугу менен калыбына келтирилип, ачылды.

Объекттин аянты 15 миң 342 чарчы метрди түзөт. Арена кичи-футбол, волейбол, баскетбол жана башка спорттук иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкталып, шаар тургундары үчүн жеткиликтүү унаа токтотуучу жайы менен бирге мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ылайыкташтырылган.

Экология: таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун ишке кириши

Жылдын негизги экологиялык долбоору катары санитардык полигондун аймагында жайгашкан таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушу аяктады.

Бул ишкана суткасына миң тоннага чейин таштандыларды кайра иштетүүгө жөндөмдүү болуп, келечекте кубаттуулугун 3 миң тоннага чейин жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ошондой эле завод жылына болжол менен 180 миң МВт электр энергиясын өндүрө алат. Өзгөчө көңүл эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап түтүн газдарын тазалоо системаларына бурулду.

Old Bishkek долбоору: калаа борборунун жер астындагы трансформациясы

2025-жылы Old Bishkek долбоорун ишке ашырууга старт берилип, Бишкектин борбордук бөлүгүндө унаа токтотуучу жайы жана соода аянттары менен заманбап жер алдындагы өтмөктү куруу башталды. Долбоор шаар чөйрөсүн комплекстүү жаңылоонун жана шаардын борборундагы ишкердик активдүүлүктү өнүктүрүүнүн элементи катары каралат.

Келечектин транспорту: чыгыш айланма жолу

Эстакадалык көпүрө жана беш транспорттук түйүнү менен узундугу 16 км чыгыш айланма унаа жолунун курулушунун башталышы жылдын стратегиялык долбоорлорунун бири болду.

Долбоор ошондой эле чектеш магистралдарды реконструкциялоону жана курууну камтыйт. Жаңы жана жаңыртылып жасалган жолдордун жалпы узундугу 32 чакырымды түзөт. Мында негизги максат - транзиттик транспортту шаардын сыртына чыгаруу жана борбордук көчөлөрдөгү тыгындарды азайтуу.

Жыл жыйынтыгы

2025-жылы Бишкек системалуу жаңыланууга карай олуттуу кадам таштады:

  • жол инфраструктурасы кеңейтилип, жаңыланды;
  • жаңы турак жай райондорунун негизи түптөлдү;
  • көптөн бери чечилбей келген экологиялык көйгөйлөр чечиле баштады;
  • жаңы коомдук жана спорттук мейкиндиктер түзүлдү;
  • стратегиялык транспорттук долбоорлор ишке ашырылууда.

Бул өзгөрүүлөр борбор калаанын мындан аркы өнүгүүсү үчүн бекем негиз түзүп, ыңгайлуу, заманбап жана туруктуу шаардык чөйрөгө айланууга шарт түзөт.