Жаңы 20 жана 50 сомдуктардын негизги коргоо белгилерин билип алыңыз

Коом
861905346_1477597680956141_4731126828386774803_n.jpg
861996622_1411245327849556_4365007339301739798_n.jpg
867787243_2272952756606604_2220371937673830978_n.jpg
Алдыга
Артка
861905346_1477597680956141_4731126828386774803_n.jpg
861996622_1411245327849556_4365007339301739798_n.jpg
867787243_2272952756606604_2220371937673830978_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук банк

Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. 2026-жылдын үлгүсүндөгү 20 жана 50 сомдук банкноттор жасалмалоодон коргоочу бир катар белгилер менен жабдылган.

Улуттук банктан билдиришкендей, алардын жардамы менен банкноттордун аныктыгын текшерүүгө болот. Негизги коргоо белгилерине төмөнкүлөр кирет:

  • суу белгиси – көп өңдүү портрет жана номиналды билдирген электротип;
  • коргоо тилкеси – жарыкка кармаганда үзгүлтүксүз көрүнүп, анда номиналдын саны жана Улуттук банктын ромб түрүндөгү логотиби чагылдырылат;
  • дал келген сүрөттөр – банкноттун эки бетиндеги сүрөттөр жарыкка кармаганда ромб формасын түзөт;
  • рельефтүү сүрөттөр – портрет, жазуулар жана номинал атайын бедер менен берилген;
  • көмүскө сүрөт – банкнотту жантайтып кароодо сомдун белгиси көп түстө көрүнөт;
  • жалтырак элементтер – арткы бетинде номинал жана Улуттук банктын логотиби чагылдырылган;
  • микротекст жана микросүрөттөр – флора менен фаунанын сүрөттөрү майда элементтер аркылуу берилген.