Жаштардын өнүгүүсүн изилдөө стратегиялык чечимдерди кабыл алууда негиз болот – Тагаев

Коом Загрузка... 23 Январь 2026 13:35
WhatsApp Image 2026-01-23 at 11.45.29 (1).jpeg
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Кыргызстандагы жаштардын бакубаттуулугунун жана өнүгүүсүнүн индексинин изилдөө жыйынтыктары алдыдагы жылдары стратегиялык чечимдерди кабыл алууда негиз катары кызмат кылат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев аталган изилдөөнү сунуштоо иш-чарасында билдирди.

Анын айтымында, изилдөө бир катар эл аралык уюмдардын жана өнөктөштөрдүн катышуусунда ишке ашырылган.

"Бул изилдөөдө аркылуу жаштарыбыздын кайсы багытта бара жатканын, тармактар боюнча өсүп-өнүгүү же төмөндөө деңгээлин билүүгө болот. Белгилей кетсек, индекстер жөн гана сандардын жыйыны эмес, мониторингдин негизги куралы. Ал биздин мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун чынчылдык менен баалоо жана кызыкчылыктарын түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Изилдөөнүн жыйынтыктары алдыдагы жылдары стратегиялык чечимдерди кабыл алууга негиз катары кызмат кылат. Индекс жарандык катышуу, экономикалык мүмкүнчүлүктөр, билим берүү, маданият, ден соолук, маалыматтык технологиялар, коопсуздук, үй-бүлө жана экология багыттарын камтыйт. Бул жолу биз 3 жыл мурдагы изилдөөдөн айырмаланып дин темасын кошкон жокпуз. Анткени, бул темада биздин тийиштүү органдар тарабынан ар кандай көзөмөлдөр жана изилдөөлөр жүргүзүлүп турат", -деди Тагаев.

Эскерте кетсек, бүгүн Бишкек шаарында "Кыргызстандагы жаштардын бакубаттуулугунун жана өнүгүүсүнүн индекси" изилдөөсүнүн жыйынтыктарын сунуштоо иш-чарасы өтүүдө.