Жаратылыш ресурстары министрлиги электромобилдерди сатып алууну пландоодо

Коом Загрузка... 13 Февраль 2025 12:15
electric-vehicle_w_h.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги экологиялык абалды жакшыртуу жана абанын булганышын азайтуу боюнча чараларды ишке ашырууда.

Ведомстводон маалымдашкандай, "Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу" долбоорунун алкагында экологиялык көзөмөлдү күчөтүү үчүн жабдууларды жана унаа сатып алуу пландаштырылган.

Төмөндөгүдөй жабдуулар сатылып алынат:

  • түтүн өлчөгүчтөр – пайдаланылган газдардын булгануу деңгээлине талдоо жүргүзүү үчүн;
  • газ анализаторлор - зыяндуу заттардын курамын көзөмөлдөө үчүн;
  • квадрокоптер - эмиссия булактарын ыкчам аныктоо үчүн;
  • GPS навигаторлору - алыскы аймактарда так мониторинг жүргүзүү үчүн;
  • экологиялык таза транспорт (электр унаалар жана гибриддик унаалар) - текшерүү рейддери жана экологиялык мониторинг үчүн.

Заманбап технологияларды колдонуу экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, өнөр жай ишканаларынын жана автотранспорттун эмиссиясына контролду күчөтүүгө, ошондой эле транспорттун экологиялык таза түрлөрүнө өтүүнү тездетүүгө мүмкүндүк берет.