Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. Улуттук банк жарандарды интернетте тез арада акча табууну, чоң утушту же кепилденген кирешени убада кылган сунуштарга ишенбөөгө чакырды.
Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына караганда, акыркы жылдары интернет-платформалар, социалдык тармактар жана мессенжерлер аркылуу жарандарды мыйзамсыз лотереяларга жана бинардык опциондорго тартуу учурлары кездешүүдө.
"Кыргызстанда бинардык опциондор түрүндөгү кумар оюндарын уюштурууга, жарнамалоого жана жарандарды аларга тартууга тыюу салынат", - деп айтылат маалыматта.
Шектүү сунуштарга же операцияларга туш болгон жарандарга Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына кайрылуу сунушталат.
Маалымат үчүн: бинардык опциондор — активдин баасы белгилүү бир убакыт ичинде өсөрүн же төмөндөрүн болжолдоого негизделген, тобокелдиги жогору финансылык инструмент. Болжол туура болсо, катышуучу алдын ала белгиленген төлөмдү алат. Ал эми туура эмес болсо, салган акчасын толугу менен жоготушу мүмкүн.