Жалал-Абадда жаңы спорт зал пайдаланууга берилди

Аймак 17 сентябрь 2026 16:30
e7146c33-d2cc-4ac7-8e3f-801ffe0fb6a2.jpg
050fd1a1-a902-4601-89d4-a9ebaba986dc.jpg
e5d49e5b-2598-4b51-8591-90a917c602c7.jpg
8b0b3ce3-6d7d-4231-86d8-a09f0a1ebbad.jpg
22c6eb55-b37e-40fd-b144-aaf77c8c98c1.jpg
644e0bd0-72a1-434f-a638-2e9cf2757ad2.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Гумкана айылында А. Тагаев атындагы №19 жалпы билим берүү мектебине караштуу жаңы спорт залы пайдаланууга берилди.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.

Спорт залдын жалпы аянты 410 чарчы метрди түзөт. Имаратта кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, мектептин имараты менен байланыштырган өтмө галерея жана спорт менен машыгууга зарыл болгон бардык шарттар каралган.

Курулуш иштери 2024-жылы башталган.