Жалал-Абадда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чаралары күчөтүлөт

Аймак 16 апрель 2025 09:10
1.jpg
491518798_1776119493255307_974409000428472885_n.jpg
490307223_1776111526589437_1933841235988258515_n.jpg
490447680_1776111666589423_8705202246522590249_n.jpg
491354624_1776111769922746_8125307816867408089_n.jpg
491416018_1776111523256104_7634250883045887684_n.jpg
491625148_1776111673256089_8386503566746823103_n.jpg
491961665_1776111559922767_1973493850474390761_n.jpg
492055497_1776111566589433_3921953220138616784_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 16.04.25. /Кабар/. Жалал-Абад облсунун аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чаралары күчөтүлөт. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Күн мурун президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов облустук мекеме-ишканалардын башчылары жана онлайн тартипте район, шаар жетекчилери менен жыйын өткөрдү.

Жыйында 14-апрелде Ала-Бука районунун аймагында катталган сел кырсыгы бир көпүрө жана эки унааны сел суулары агызып кеткени, Аксы районунун Жоон-Төбө жана Долоно жайлоолорунда жүргөн селдин кесепетинен Кербен – Кара-Жыгач – Кызыл-Көл унаа жолунун 50 метр аралыгына түшкөн сел калдыктарын тазалоо иштери тууралуу айтылды.

Нурлан Эрматов сел кырсыктары боюнча жергиликтүү бийлик тарабынан маалыматтарды ыкчам жеткирүү жагы солгун болгонун сынга алды. Мындагы кемчиликтин үстүндө тактоо жүргүзүлүп, тийиштүү жетекчилерге чара көрүлөрүн айтты. Ошол эле учурда бардык район, шаар башчыларына өзгөчө кырдаал катталуу коркунучу бар аймактарда иш жүргүзүүнү күчөтүүнү тапшырып, жоопкерчиликтерин эскертти.

Жыйында ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары ушул жылдын 31-август күнү, Эгемендүүлүк майрамына карата колдонууга берилүүчү объекттердеги жумуштардын жүрүшүн сурады. Ал курулушту артка тарткан бардык маселелерди ыкчам чечүү зарылдыгын кошумчалады.