Жалал-Абадда унаа чогултуучу заводду курууга даярдык көрүлүүдө

Аймак 19 Февраль 2025 13:48
480754904_1734455087421748_8277142701883629908_n.jpg
480220062_1734456544088269_5306216229959186246_n (1).jpg
479519573_1734456667421590_975595519737963922_n.jpg
480044378_1734456624088261_8089552121581198740_n.jpg
480253968_1734456707421586_3479476109705339854_n.jpg
480470767_1734456600754930_5624089640431672278_n.jpg
480557937_1734456527421604_3145182033279977710_n.jpg
480874805_1734456637421593_6786524769137548618_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында унаа жана жабдууларды чогултуучу заводду курууга даярдыктар көрүлүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн президенттин өкүлү Тилек Текебаев жүк ташуучу, жеңил, адистештирилген транспорт каражаттарын жана жабдууларды чогултуучу заводго бөлүнгөн жер аянтын көрүп, инвестор менен жолугушту.

Буга чейин Жалал-Абад шаарынын мэриясы менен Кытайдын “Цинь Цзи Автомобиль унааларын жана жабдууларын чыгаруучу ишканасы” ЖЧКнын ортосунда меморандумга кол коюлган.

Ага ылайык, Жалал-Абад шаарынын Рози Азимов көчөсүнүн №61 дарегинде жайгашкан, буга чейин карабай келген 44 800 чарчы метр жер аянты ажыратылып берилген. Алдыдагы убакытта өнүрүштүк жайдын курулушу башталып, керектүү жабдуулар орнотула баштайт. Аталган долбоор ишке ашырылса, калаада 500гө жакын жаңы жумуш орундары түзүлөт.

Облус башчысы Тилек Текебаев инвестициялык долбоорду ишке ашыруу аракетин активдештирүү зарылдыгын белгилеп, жергиликтүү бийликке зовдго берилүүчү ар тараптуу жеңилдиктерди мыйзам чегинде жүргүзүүнү тапшырды.