Жалал-Абадда 102 эски объектинин ордуна жаңы ипотекалык үйлөр курулат

Аймак 17 Июнь 2025 10:46
507602362_1039.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
504829459_1806.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
506961270_1039.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
508422532_1039.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Жалал-Абад шаарынын мэриясы

Бишкек, 17.06.25. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 102 обьект буздурулуп, анын ордуна көп кабаттуу ипотекалык турак-жайлар курулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Күн мурун шаар мэри Эрнисбек Ормоков тиешелүү жетекчилер жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлдөрү менен биргеликте Барпы-Сейил көчөсүнүн жашоочулары менен жеринде жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Шаар башчысы Барпы-Сейил көчөсүнүн Ж.Бакиев жана Т.Байзаков проспектиси менен кесилишкен аралыгындагы 102 объект буздурулуп, ордуна заманбап, көп кабаттуу ипотекалык турак жайлар курула тургандыгын айтып, дээрлик жашоочулардын бары ага макул экендигин билдирди.

Мындагы турак жайлардын ээлерине Мамлекеттик ипотекалык компаниясы тарабынан жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдөн батирлер берилет.

Белгилей кетсек, аталган жайга болжол менен 15 кабаттуу турак жайлар курулат.