Бишкек, 14.02.25. /Кабар/. Жалал-Абадда сел кырсыктарынын алдын алуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын 2025-жылга коюлган атайын өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу мерчемине ылайык облус аймагында сел каналдарын куруу, кооптуулукту жоюу иштери жүргүзүлүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалары учурда Сузак районунун Кызыл-Туу, Барпы, Сузак айыл өкмөттөрүндө, Аксы районунун Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндө өз ишин улантылып жатат.
Белгилей кетсек, аталган иш-аракеттин максаты - жаз айларында күн жылып, кардын ээрүүсүнө байланыштуу күтүлүп жаткан сел кырсыктарынын алдын алууга багытталат.