Жакынкы жылдары Кара-Суудагы калктуу конуштар таза суу инфраструктурасы менен камсыздалат

Президент Загрузка... 12 Апрель 2026 19:16
669706527_1525856079549021_7293171610915374251_n.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.04.26. /Кабар/. Жакынкы жылдары Кара-Суу районундагы калктуу конуштардын басымдуу бөлүгү таза суу инфраструктурасы менен камсыз болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусунун Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушканда билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, сугат суусунун жетишсиздиги маселесин чечүү үчүн насос станцияларын куруу жана каналдарды жаңылоо сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жатат.

Президент калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселесин этап-этабы менен чечүү зарылдыгын айтып, жакынкы жылдары райондогу калктуу конуштардын басымдуу бөлүгү тиешелүү инфраструктура менен камсыз болоруна ишеним билдирди.