Жайкы турсезон: Чуңкурчакта экологиялык көзөмөл күчөтүлдү

Экология 23 Апрель 2026 10:30
675421547_952730980713365_8263895628791745776_n.jpg
675955434_952730977380032_2179559870132149235_n.jpg
678399447_952730974046699_424613759762988421_n.jpg
Алдыга
Артка
675421547_952730980713365_8263895628791745776_n.jpg
675955434_952730977380032_2179559870132149235_n.jpg
678399447_952730974046699_424613759762988421_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Жайкы туристтик сезондун алдында Чуңкурчак эс алуу аймагында күчөтүлгөн профилактикалык рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору түшүндүрүү иштерине басым жасашты.

Өзгөчө көңүл ишкерлер менен иштешүүгө бурулуп, эс алуу жайларынын ээлерине санитардык нормаларды так сактоо боюнча расмий билдирмелер берилди.

Алар менен катуу тиричилик калдыктарын туура чогултуу жана өз убагында чыгаруу боюнча нускамалар өткөрүлдү.

Дарыя, булактарды булгоого жол берилбестигин айтып, өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактоо зарылдыгы да эскертилди.