Бишкек, 26.12.25 /Кабар/. Аймактагы кайсы маселе болбосун жеринде чечкенге аракет кылабыз. Бул тууралуу Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Өзгөн районунда 12 айыл өкмөт жана бир шаар бар. Район жетекчилиги эл менен тыгыз иш алып барып, жарандардын кайрылууларын үзгүлтүксүз кабыл алып келет.
“Жумасына бир жолу кабыл алуу күнүбүз бар. Бирок, графиктен тышкары да элди угуп жатабыз. Эч кимди кайтарып жибербейбиз. Кайсы маселе болбосун жерине чыгып, ордунда чечкенге аракет кылабыз. Айрымдар “кабинетте отурбайсыңар” деп сын айтышат. Бирок, биз эл аралап, көйгөйлөрдү жеринен билүүгө басым жасап жатабыз”, - деди аким.
Район башчысы белгилегендей, аталган аймакта учурда Кара-Дарыянын жээгиндеги дамба маселеси эң актуалдуу. Дамба курулса, көптөгөн жерлер пайдаланууга жарактуу болуп, турак жай куруу мүмкүнчүлүгү жаралат.
“Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу көп кабаттуу үйлөрдү куруп жатабыз. Алдыда дагы 11 гектар жерге турак жай куруу пландалууда. Курултайдан келип түшкөн кайрылуулар, маселелер каралат. Президент Садыр Жапаров койгон тапшырмалардын 80 пайызы аткарылды, калган иштер көп убакытты талап кылган маселелер. Бирок, алардын да үстүндө иш жүрүүдө. Элдик курултай жогорку деңгээлде уюштурулган. Быйылкы төртүнчү курултай биринчи курултайга салыштырмалуу бир топ жакшы деңгээлде өттү. Делегаттардын өзүн алып жүрүү маданияты, пикир билдирүү ыкмасы жана жалпы катышуу активдүүлүгү кыйла жогорулаганы байкалды. Мындай жалпы улуттук жыйындар коом үчүн абдан зарыл экен. Ар жылы элди түйшөлткөн олуттуу маселелер көтөрүлүп, аларга чечим табууга жол ачылып жатат. Курултай институтунун жыл сайын бекемделип жатканы кубандырат”, - деди ал.