Бишкек 21.07.25. /Кабар/. Өзгөн райондор аралык ооруканасынын башкы дарыгер 300 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Ал ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Б.Г.Т. болгон.
Бул факт боюнча УКМКнын Ош шаары жана Ош областы боюнча тергөө башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, каттоого алынган. Учурда керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, УКМК кызматкерлери тарабынан санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө тутумундагы коррупциялык схемаларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Өзгөн-Кара-Кулжа райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Б.Г.Т. мыйзам бузууларды жашыруу жана кылмыш ишин козгоодон баш тартуу үчүн УКМКнын кызматкерине 100 миң сом пара сунуштаган. Баш тартуудан кийин ал акчаны 300 миң сомго чейин көбөйтүп, пара берүү аракетин уланта берген.
УКМК саламаттыкты сактоо системасындагы жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.