Ташкент, 17.02. 25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. 12-13-февраль күндөрү Өзбекстандын улуттук театры Өзбекстандын, Каракалпакстандын жана Тажикстандын эл артисти Ёдгор Садиевдин жетекчилигинде Ош шаарына гастролдо болду, деп билдирет "Дүйнө" маалымат агенттиги.
Маалыматка караганда гастроль улуу акын, ойчул жана мамлекеттик ишмер Алишер Навои менен Захириддин Мухаммад Бабурдун туулган күндөрүн белгилөөнүн алкагында уюштурулду.
Иш-чарада Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кодиров сөз сүйлөп, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы саясий жана соода-экономикалык гана эмес, бир тууган элдердин маданий-гуманитардык байланыштары да тез өнүгүп жатканы эки өлкөнүн лидерлери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин достук мамилесинин жана ырааттуу аракетинин натыйжасы экенин белгиледи.
"Элибизде "Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык" деген сөз бар. Ошондуктан биз кыргыздар, кандаш бир тууганыбыз өзбек эли менен кылымдар бою коңшу болуп, биримдикте, достукта, тынчтыкта жашап келебиз. Акыркы жылдары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелер жакшырып, биздин кызматташтыгыбыз бардык тармактарда болуп көрбөгөндөй деңгээлге чыкты", - деди ал.
Өзбекстандын улуттук театрынын директору Ёдгор Садиев белгилегендей, мындай иш-чаралар биздин элдерди ого бетер жакындашып, бириктирип, бир туугандык байланыштарды бекемдейт. Өзбек артисттеринин концерттерин, гастролдорун, ошондой эле Кыргызстандын түштүк аймактарынын жашоочулары менен ушундай жолугушууларды өткөрүүнүн санын жана көлөмүн көбөйтүү каалоосу айтылды.
Захириддин Мухаммад Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрында эки күн бою өзбек сахнасынын чеберлери чоң концерттик программа тартуулашты. Спектаклдерге Кыргызстандын бардык аймактарынан миңден ашык көрүүчүлөр катышты. Спектакль жогорку деңгээлде, майрамдык маанайда, артисттер менен көрүүчүлөрдүн чын ыкластуу жана эркин баарлашуусу менен өттү, деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 2024-жылы Кыргызстандын маданият күндөрү Ташкент жана Бухара шаарларында өткөн. Быйыл Кыргызстанда Өзбекстандын маданият күндөрүн өткөрүү пландалууда.