Ташкент, 18.03.25. /Кабар/. Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенаты “Өзбекстан Республикасынын Суу кодексин бекитүү жөнүндө”гү мыйзамды жактырды, деп билдирди өлкө парламентинин жогорку палатасынын басма сөз кызматы.
Мыйзамдын негизги максаты - өлкөнүн суу ресурстарын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча мыйзамдык базаны өркүндөтүү.
Жаңы Суу кодекси суу мамилелери чөйрөсүндөгү негизги укуктук актыларды системалаштырат жана бир катар негизги милдеттерди чечүүгө багытталган:
- суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну, натыйжалуу башкарууну жана коргоону камсыз кылуу;
- суу мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын, милдеттерин жана функцияларын тактоо, кайталоолорду жоюу;
- суу ресурстарын башкарууда МЖӨ механизмдерин ишке ашыруунун шарттарын аныктоо;
- суу менен камсыздоочулардын жана керектөөчүлөрдүн жоопкерчилигин жогорулатуу;
- суу мамилелери жаатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү;
- өлкөнүн суу коопсуздугуна жетишүү, экономиканын жана экологиянын бардык тармактарынын сууга болгон муктаждыктарын канааттандыруу, суунун тартыштыгынын шарттарында суу инфраструктурасынын жана сугат жерлеринин абалын жакшыртуу;
- эл аралык суу укугунун ченемдерин улуттук мыйзамдарга киргизүү.
Адистердин айтымында, Суу кодексинин кабыл алынышы суу чарбачылыгын туруктуу өнүктүрүүгө, суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга, инвестиция тартууга жана тармакты технологиялык модернизациялоого ишенимдүү укуктук негиз түзөт.
Эскерте кетсек, Өзбекстанда сууну керектөө 1990-жылдары 64 миллиард куб метрди түзсө, учурда 51 млрд куб метрге чейин азайган.