Өзбекстандын президенти мамлекеттик сапары менен Кыргызстанга келди — Кабар

Өзбекстандын президенти мамлекеттик сапары менен Кыргызстанга келди

Саясат 30 июль 2026 12:40
757076787_1734797170927948_617997704079900652_n (1).jpg
759320460_1694364988490855_7360333617721687413_n.jpg
759208689_1070105902071626_6961607176505515287_n.jpg
758553849_1971099866926919_8082108326179507568_n.jpg
758964186_1391203329172254_358317938599804792_n.jpg
759240196_999274399590962_6850281206309315382_n.jpg
759373337_1040211272261590_4456287842569259105_n.jpg
759456525_1537687944185060_2432665569535386260_n.jpg
758075213_1046271714562174_6434268565646989163_n.jpg
760985719_28618561031078436_8818280267286563882_n.jpg
759699093_1016850324526885_6900473204517460144_n.jpg
760242056_4144753285822365_1884428971792735102_n.jpg
761096717_2120387455550063_8475891201763581102_n.jpg
759746111_1919818602018460_5698770279980478265_n.jpg
759881161_848244761703964_3709459167027076673_n.jpg
758047719_1737101887418461_3625347149791909522_n.jpg
759024932_3377184355793290_7037518079966904249_n.jpg
761085097_37079003865080221_2691388752193239881_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.07.26. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 30-июлда Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди.

Жогорку даражалуу мейманды Ысык-Көл облусундагы “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алды.

Шавкат Мирзиёев учактан түшкөндөн кийин улуттук кыргыз кийимчен кыздар ага меймандостуктун жана конокко болгон сый-урматтын белгиси катары боорсок менен бал сунушту.

Аэропорттун аянтында Ардак кароол ротасынын аскер кызматкерлери тизилип турушту. Андан ары президенттер өтүүчү жолдун боюнда кыргыз элинин байыркы аңчылык өнөрүн чагылдырган “Салбуурун” этнографиялык композициясынын катышуучулары – бүркүтчүлөр алгыр куштары жана тайгандары менен турушту.

“Шаттык” элдик үлгүлүү бий ансамблинин бийчилери тигилген боз үйлөрдүн фонунда көчмөн элдин салттуу жашоо образын чагылдырган кыргыздын улуттук бийлерин аткарышты.

Аземде зоот кийимчен атчандардын жана кыргыз элинин кайраттуулугун, эр жүрөктүгүн, тарыхый мурасын даңазалаган алп баатырлардын катышуусундагы композиция өзгөчө орун ээледи.

Ч. Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли кыргыз жана өзбек күүлөрүн аткарып, боордош эки элдин достугун, өз ара сый-урматын жана ынак коңшулук мамилесин даңазалады.

Аземдин соңунда улуттук стилде жасалгаланган эки жарым боз үйдүн фонунда театралдаштырылган этнографиялык көрсөтмө коюлду. Анда кыргыз элинин меймандостугу, үй-бүлөлүк баалуулуктары жана конок тосуу салттары чагылдырылган.

Белгилей кетсек, мамлекеттик сапардын алкагында президент Шавкат Мирзиёев президент Садыр Жапаров менен бетме-бет жана кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошондой эле ал Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын бейформал Консультативдик жолугушуусуна катышат.