Өзбекстанда социалдык тармактагы МЖӨ долбоорлоруна 2 млрд доллар каражат бөлүү пландалууда

Борбор Азия Загрузка... 03 Март 2025 12:33
WhatsApp Image 2025-03-03 at 12.28.24.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 03.03.25. /Кабар/. Өзбекстанда социалдык тармактагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорлоруна 2 млрд доллардан ашык каражат бөлүнөт Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёевдин ушул маселе боюнча жыйында белгилүү болду, деп билдирет өлкө башчысынын басма сөз кызматы.

Иш-чаранын жүрүшүндө медицина, билим берүү, маданият жана спорт тармагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү кеңейтүү боюнча сунуштар каралды.

Азия өнүктүрүү банкы, Эл аралык финансы корпорациясы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана башка өнөктөштөр менен биргеликте саламаттыкты сактоо тармагында 1,2 млрд долларлык 5 долбоорду, мектепке чейинки жана мектепте билим берүү тармагында 745 млн долларлык 6 долбоорду, жогорку билим берүү тармагында 100 млн долларлык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иш-чаралар белгиленген.

Маданият жана спорт чөйрөлөрүндөгү иштин айрым түрлөрүнө жеке секторду тартуу маселелери да каралды. Учурда 43 маданият үйү жеке менчикке өткөрүлүп берилген, дагы 127 объектти өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар.

Мамлекет башчы социалдык тейлөө министрликтерине жана акимчиликтерге объектилер боюнча "жол карталарын" бекитип, ишке ашыруу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун тездетүү боюнча тапшырмаларды берди.

Эскерте кетсек, Өзбекстанда 2019-жылы “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” мыйзам кабыл алынган.