Ташкент, 23.06.25./Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик жарандык кызматты өркүндөтүүгө багытталган жаңы жарлыкка кол койгонун UzA агенттиги маалымдайт.
Анда 2030-жылга чейинки мамлекеттик кызматты өнүктүрүү стратегиясы бекитилип, 2025–2026-жылдарда төмөнкү негизги иш-аракеттер аткарылары көрсөтүлгөн:
- мамлекеттик кызматка кабыл алуу жана көтөрүлүү толук ачык жана конкурстук негизде жүргүзүлөт;
- кызматкерлердин билими, жөндөмү жана иш жыйынтыгы үзгүлтүксүз бааланып турат;
- кыз-келиндердин мамлекеттик кызматка катышуусу көбөйтүлөт;
- коррупцияга каршы туруктуу иммунитетти калыптандыруу чаралары көрүлөт;
- “Топ-100” аттуу жаңы программа аркылуу келечектүү жетекчилер тандалып, улуттук кадрлар резерви түзүлөт;
- эмгек акы тажрыйбага, билим деңгээлине жана иш жыйынтыгына жараша эсептелет.
Мындан тышкары, кызматкерлер үчүн атайын мобилдик тиркеме ишке киргизилип, ден соолукту чыңдоого жана үй-бүлө менен байланышты бекемдөөгө шарттар түзүлөт.