Ташкент, 20.02.25. /Кабар/. Өзбекстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучуларына жана майыптарына 10 миң доллардан бир жолку сыйлык берилет. Бул президент Шавкат Мирзиёевдин II дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына жана Эскерүү жана урматтоо күнүнө даярдык көрүү жана татыктуу өткөрүү жөнүндөгү жарлыгында каралган, деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы.
Быйыл бул майрам Өзбекстанда "Өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшү, тынчтык жана мекенди коргоо үчүн көрсөтүлгөн каармандык эч качан унутулбайт" деген ураандын астында өтөт.
Мамлекет башчысы II дүйнөлүк согуштун ар бир катышуучусуна жана согуштун натыйжасында майып болуп калган адамдарга, эмгек фронтунун ардагерлерине, эгемендүүлүк жылдарында кызматтык милдетин аткарууда майып болуп калган аскер кызматкерлерине жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, ошондой эле маркумдун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана башкаларга материалдык жана моралдык жактан колдоо көрсөтүүнү камсыз кылууну тапшырды.
Ошондой эле Өзбекстандын президентинин атынан ардагерлерге жана тыл эмгекчилерине бир жолку акчалай төлөмдөрдү, ошондой эле Жеңиштин 80 жылдыгына карата юбилейлик медалдарды салтанаттуу тапшыруу милдети коюлду.
Экинчи дүйнөлүк согушта 2 миллионго жакын өзбекстандыктар фронтко тартылган. Алардын 538 миңден ашыгы набыт болуп, 158 миңи дайынсыз жоголгон. Эгемендүүлүк жылдарында 200гө жакын аскер кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери Мекенди коргоо жолунда курман болушкан.
Эскерте кетсек, Өзбекстанда 1999-жылдан бери 9-майды Эскерүү жана урматтоо күнү катары белгилеп келинет.