Өзбекстанда биринчи Арал маданий саммити өтөт

Борбор Азия Загрузка... 17 Февраль 2025 12:16
db054956-08bb-447c-af9e-87cceaa2f156.jpg
copyright icon WWW

Ташкент, 17.02.25 /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. 4-6-апрель күндөрү Каракалпакстандын борбору Нукус шаарында биринчи Арал маданий саммити өтөт, деп билдирди Өзбекстандын Маданият жана искусствону өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы.

Саммиттин негизги максаты – искусство, маданият, дизайн жана илим аркылуу Арал районунун социалдык жана экологиялык өзгөрүшүнө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Саммит ар 18 айда бир жолу өткөрүлөт жана Каракалпакстандын туруктуу өнүгүүсүнө салым кошо турган экологиялык, социалдык жана маданий чечимдерди табуу үчүн жергиликтүү жана эл аралык активисттер, искусство ишмерлери жана окумуштууларынын катышуусун камсыздайт.

Эскерте кетсек, бир кезде дүйнөдөгү төртүнчү көл болгон Арал көлүнүн кургашы Борбор Азиядагы эң ири экологиялык кырсык болуп саналат. 1960-жылдардан бери Арал көлүнүн аянты болжол менен 9 эсеге, суунун деңгээли 3 эсеге, көлөмү 15 эсеге кыскарган.

Окумуштуулардын айтымында, Арал деңизинин түпкүрүндө жаткан туз шамал менен көтөрүлүп Ала-Тоонун жана башка кырка тоолордун мөңгүлөрүнө чейин жетип барып, алардын эрүүсүн тездетүүдө, чаң бороондору аймактын экосистемасына жана климатына түздөн – түз таасирин тийгизүүдө.