Өзбекстанда банктагы аманаттарга кепилдиктин суммасы кыскарды

Борбор Азия Загрузка... 20 Февраль 2025 10:07
WhatsApp Image 2025-02-20 at 09.53.57.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 20.02.25. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жаңы редакциядагы "Жарандардын банктардагы аманаттарын коргоонун кепилдиктери жөнүндө" мыйзамга кол койду, деп билдирет "Народное слово" гезити.

Жаңы эрежелерге ылайык, аманаттар боюнча максималдуу кепилдик суммасы бир банктагы аманатчыга 200 млн сумду (15,4 миң доллар) түзөт. Бул талап мыйзам күчүнө киргенден кийин жайгаштырылган жаңы аманаттарга гана тиешелүү.

Эксперттердин айтымында, жаңы мыйзам банктарды өз милдеттеринен бошотпойт, бирок ал аманатчыларды коргоо системасын өзгөртөт. Эми кредиттик мекеме банкрот болгондо аманаттын бир бөлүгүн жоготуп албоо үчүн жарандарга чоң суммадагы аманаттарын бир канча банктарга жайгаштыруу сунушталат.

Дүйнөлүк банктын эксперттери Өзбекстандагы азыркы системаны изилдеп, аманаттарды натыйжалуу камсыздандыруунун 16 эл аралык принциптеринин 8и ишке ашырылбай жатканын аныкташкан. Негизги көйгөйлөр кепилдик фондунун аманаттарды толук коргоону камсыздай албагандыгына байланыштуу. Бул болсо аманатчыларды финансылык туруктуулугун эске албастан, жогорку пайыздык банктарды тандоого мажбурлайт.

Эскерте кетсек, Өзбекстанда банктарга коюлган аманаттарга 100% кепилдик берүү системасы 2009-жылдан бери бар. Бирок бүгүнкү күндө мындай система Өзбекстанда, Түркмөнстанда жана Белоруссияда гана сакталып калган. Көпчүлүк өлкөлөрдө чектөөлөр бар.