Өзбекстанда адам укуктары боюнча Улуттук стратегиянын долбоору талкууланды

Борбор Азия Загрузка... 02 Май 2025 20:33
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 02.05.25. /Кабар/. Өзбекстандын борборунда 2030-жылга чейин адам укуктарын камсыздоого багытталган Улуттук стратегиянын долбоору боюнча улуттук консультативдик жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Өзбекстандын Адам укуктары боюнча Улуттук борборунун басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын ачылышында Борбордун директору, академик Акмал Саидов бул стратегия адам укуктарын системалуу жана натыйжалуу коргоонун негизги куралы болорун баса белгиледи. Ал 1993-жылы Вена шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк конференцияда ар бир өлкөгө улуттук план же стратегия иштеп чыгууну сунуштаганын эске салды.

Стратегиянын долбоору 2025-жылга карата кабыл алынган Мамлекеттик программага ылайык иштелип чыгып, алты негизги багытты камтыйт:

  • жарандардын жеке жана саясий укуктарын коргоо;
  • экономикалык, социалдык, маданий жана экологиялык укуктарды камсыз кылуу, ошондой эле туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү;
  • калктын аялуу жана социалдык жактан муктаж катмарына колдоо көрсөтүү;
  • адам укуктары боюнча улуттук институттар менен жарандык коом уюмдарынын ишмердүүлүгүн өркүндөтүү;
  • адам укуктары жаатындагы билим берүүнүн таасирдүүлүгүн жогорулатуу;
  • адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык кызматташууну өнүктүрүү.

Долбоорду иштеп чыгуу жараянында мамлекеттик мекемелерден жана бейөкмөт уюмдардан 200дөн ашуун сунуш жыйналган. Ачыктыкты жана коомчулуктун активдүү катышуусун камсыз кылуу максатында документтин долбоору нормативдик-укуктук актыларды коомдук талкуулоо порталында жана Улуттук борбордун расмий сайтында жарыяланган.

Иш-чаранын катышуучулары жыйында өз ойлорун жана сунуштарын билдиришти. Бул сунуштар стратегиянын долбоорун мындан ары өркүндөтүүдө эске алынат.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө дүйнөнүн 80ден ашуун өлкөсү адам укуктары боюнча өзүнүн улуттук стратегиясын же аракеттер планын кабыл алган.