Ташкент, 13.02.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстанда 2025-жылдын 1-майынан тарта абактан чыккандар бир жолку жөлөк пул ала алышат, деп билдирди республиканын Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы.
Жөлөкпулдун суммасы негизги эсептик көрсөткүчтө (НЭК) алты эсе көп болот. Бүгүнкү күндө болжол менен 2,2 мон сумду (169 доллар) түзөт.
“Бул чара жазасын өтөп чыккан адамдарды социалдык адаптациялоого багытталган. Көбүнчө абактан чыккандан кийин мурда соттолгондор жумушка орношууда, негизги муктаждыктар үчүн каражаттын жетишсиздигинен улам кыйынчылыктарга туш болушат жана акыры кайра кылмыштуулукка чалдыгып калуу коркунучу бар”, - деп айтылат маалыматта.
Эксперттердин айтымында, өкмөт бул тенденцияны артка кайтарып, абактан чыккандарга таза барак менен жашоо баштоого мүмкүнчүлүк түзүүгө аракет кылууда. Бул бир жолку төлөмдөр чындап эле мурдагы абактагылардын реабилитация процессине таасирин тийгизеби, жокпу белгисиз.
Бул багытта иш менен камсыз кылуу программалары, кесиптик билим берүү жана психологиялык колдоо сыяктуу кошумча чаралар пайдалуу болушу ыктымал. Кандай болгон күндө да бул кадам мамлекет кайра социалдаштыруу маселелерине көбүрөөк көңүл бура баштаганын көрсөтүп турат. Бул система канчалык эффективдүү болорун убакыт көрсөтөт.