Өзбекстан жарандардын укуктары боюнча Орхус конвенциясына кошулат

Борбор Азия Загрузка... 06 Февраль 2025 17:17
WhatsApp Image 2025-02-06 at 17.14.03.jpeg
copyright icon WWW

Ташкент, 06.02.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. – Олий Мажлис сенаты Өзбекстандын Орхус конвенциясына кошулуусу тууралуу мыйзам долбоорун жактырды, деп билдирди парламенттин жогорку палатасынын басма сөз кызматы.

Мыйзам жарандардын мамлекеттик органдарда сакталып турган экологиялык мазмундагы маалыматтарды алууга, айлана-чөйрөнүн абалына таасир этиши мүмкүн болгон чарбалык иштерге байланыштуу пландарды жана программаларды, стратегияларды жана мыйзам актыларын иштеп чыгууга катышууга, ошондой эле жарандардын маалымат алуу же коомдук турмушка катышуу укуктарын бузуу жөнүндөгү сот жараяндарын териштирүүгө катышуу укуктарын камсыз кылат.

Сенаторлор бул Конвенцияга кошулуу улуттук экологиялык мыйзамдардын сакталышына заманбап коомдук көзөмөлдү жаратуугада негиз түзөөрүн жана Өзбекстандын экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча аракеттерин жаңы деңгээлге көтөрүүгө кызмат кыларын белгилешти.

Эскерте кетсек, Орхус конвенциясы - БУУнун Европалык Экономикалык комиссиясынын маалыматка жетүү, коомчулуктун курчап турган чөйрөнү коргоо маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу процессине катышуусу жана сот адилеттигине жетүү жөнүндө конвенциясы 1998-жылдын июнь айында Даниянын Орхус шаарында кабыл алынган.