Ташкент, 23.06.25. /Кабар/. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Өзбекстан түз чет элдик инвестиция (ТЧИ) тартууда Борбор Азия мамлекеттеринин арасында биринчи орунду ээледи.
БУУнун Соода жана өнүгүү боюнча конференциясы (UNCTAD) жарыялаган акыркы отчётко ылайык, өлкөгө тартылган түз инвестициялардын жалпы көлөмү 2,8 млрд долларды түздү.
Башка мамлекеттердин көрсөткүчтөрүнө токтолсок, Түркмөнстан 1,6 млрд доллар түз инвестиция тартып, экинчи орунду ээледи. Кыргызстан 705 млн доллар менен үчүнчү орунга чыкса, Тажикстан 291 млн доллар инвестиция менен тизмени жапты.
Казакстан болсо 1992-жылдан бери алгач ирет терс сальдого (–2,55 млрд доллар) туш болуп, регионалдык рейтингде акыркы орунга жайгашты.
Серепчилер дүйнө жүзү боюнча түз инвестициялардын жалпы көлөмү 2024-жылы 11%га кыскарган шартта, Өзбекстандын ийгилигин туруктуу саясаттын жана экономикалык реформалардын жыйынтыгы катары баалашууда.