Өзбекстан чакан АЭС куруу үчүн эл аралык консорциум түзүүнү пландоодо

Борбор Азия Загрузка... 11 Февраль 2025 14:35
photo_11.jpg
copyright icon WWW

Ташкент, 11.02.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстан Жиззак облусунда чакан атомдук электр станциясын (АЭС) куруу үчүн эл аралык консорциум түзүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу "Узатом" агенттигинин директору Азим Ахмедхаджаев "Өзбекстан24" телеканалына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы "Росатом" менен 330 МВт кубаттуулуктагы атомдук электр станциясын куруу боюнча келишим түзүлгөн. Бирок бул долбоор эл аралык мүнөзгө ээ болот. Анткени аны ишке ашырууда орусиялык технологиялардан тышкары Кытайдын жана Европанын программалык жана аппараттык системалары колдонулат. Бул эң мыкты технологияларды колдонууга жана келечектеги атомдук электр станциясынын эң натыйжалуу иштешин камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

"Долбоордун маанилүү жагдайларынан бири венгриялык же кытайлык өндүрүштүн кургак муздаткыч мунаралары сыяктуу стандарттуу эмес чечимдерди ишке ашыруу болот. Бул Өзбекстан үчүн өзгөчө маанилүү болгон ТЭЦтеги суунун чыгымын азайтуу үчүн өтө зарыл. Ошентип, биз бул долбоорду мүмкүн болушунча эффективдүү жана эң мыкты технологиялар менен ишке ашырууга мүмкүндүк берген эл аралык консорциумду түзөбүз", - деп белгиледи Ахмедхаджаев.

Долбоор МАГАТЭнин милдеттүү көзөмөлү астында ишке ашырылат. Уюмдун эксперттери станциянын эл аралык стандарттарга жооп бериши үчүн коопсуздук боюнча сунуштарды беришет.

Жиззак облусундагы чакан атомдук электр станциясынын негизин эң акыркы россиялык RITM-200N реактору түзөт. Бир реактордун жылуулук кубаттуулугу 190 МВт, электр кубаттуулугу 55 МВт, жалпы иштөө мөөнөтү 60 жыл деп болжолдонууда. Долбоор станцияга 330 МВт электр энергиясын иштеп чыгарууга мүмкүндүк берүүчү ушундай алты реакторду курууну камтыйт.

Ошол эле учурда Өзбекстан бир атомдук станция менен чектелбейт. Ахмедхаджаевдин айтымында, президент агенттикке Өзбекстанда мындай долбоорлорду ишке ашыруунун башка варианттарын карап чыгууну тапшырды.

Белгилей кетсек, буга чейин "Узатом" ишканасынын башчысы өлкөдө чакан атомдук электр станцияларын куруу үчүн потенциалдуу 14 жер изилденип жатканын билдирген.