Өзбекстан баалуу металлдарды жүгүртүүгө көзөмөлдү күчөтөт

Борбор Азия Загрузка... 30 Июнь 2025 09:37
WhatsApp Image 2025-06-30 at 09.24.11.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 30.05.25. /Кабар/. Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасы валюталык баалуулуктар жана баалуу металлдар менен таштар жүгүртүүсүн көзөмөлдөөнү күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

Документке ылайык, баалуу металлдар жана таштарды мыйзамсыз сатып алуу жана сатуу үчүн кылмыш жана административдик жоопкерчилик киргизүү сунушталууда. Бул үчүн Жазык жана Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексттеринин тиешелүү беренелерине өзгөртүүлөр киргизилери күтүлүүдө.

Ошондой эле валюталык түшүмдүн бир бөлүгүн милдеттүү түрдө сатуудан баш тарткандыгы үчүн каралган айып пулду жокко чыгаруу сунушталууда. Учурда мындай мыйзам бузуу үчүн кызмат адамдарына 8ден 12гө чейинки эсептик көрсөткүчкө барабар (болжол менен 235-350 доллар) айып салынат.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2020-жылдан бери баалуу металлдардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө байланыштуу 99 учур катталып, 44 млрд сумга (болжол менен $3,2–3,4 млн) бааланган алтын, күмүш, алмаз жана замараг сыяктуу баалуу таштар алынып коюлган.

Буга чейин президент Шавкат Мирзиёев зергерчилик тармагындагы көмүскө жүгүртүү көлөмү $600 млнго жетерин айтып, секторду легалдаштыруу жана зарыл реформаларды жүргүзүү тапшырмасын берген.