“Зам Зам билдинг” компаниясынын лицензиясы 3 айга токтотулду

Коом Загрузка... 25 Январь 2026 15:05
3_V7p1HEY.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 25.01.26. /Кабар/. “Зам Зам билдинг” компаниясынын лицензиясы 3 айга токтотулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулуш объектилериндеги мыйзам талаптарынын сакталышын, курулуш иштеринин сапатын жана коопсуздугун көзөмөлдөө максатында жүргүзүлгөн рейддин алкагында Бишкек шаарындагы Севастопольская көчөсү 8, Славян көчөсү 6/1 жана Фурманов көчөсү 13 даректеринде курулуп жаткан 14 кабаттуу турак жай комплексинде курулуш эрежелери жана техникалык коопсуздук талаптары сакталбагандыгы аныкталган.

Мындан тышкары, курулуш-монтаждоо иштеринде бир катар курулуш ченемдери бузулган.

Ошондой эле подрядчы компания тарабынан объекттин ичинде кеңсе жайлары уюштурулуп, жарандар кабыл алынганы аныкталган. Бул объект жогорку кооптуу өндүрүштүк объекттерге киргендиктен, мындай аракеттер мыйзам бузуу болуп саналат.

Натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Зам-Зам билдинг” ЖЧКсына карата айып пул каралып, комиссиянын чечими менен лицензиясы 90 күнгө токтотулду.