Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Санариптештирүүнүн алкагында Юстиция министрлигинде дээрлик 80-90 пайыз санариптик документ колдонуларын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, юстиция министри Аяз Баетов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.
Бирок, мыйзамдын, токтомдун жана тескеменин долбоорлору кагаз түрүндө сакталаарын министр маалымдалды.
“Бул тарых үчүн, документтин варианттарын салыштыруу үчүн да керек. Иш кагаздар президенттин администрациясына же башка министрликке жөнөтүлбөйт, министрликтин ички иштеринде гана колдонулат. Белгилүү болгондой, буга чейин мамлекеттик кызматтарда же министрликтин ичинде бардыгы бири-бири менен “менин маселем эмес” деп кызматтык каттарды жылдырып иштеп келишкен. Ошондуктан Юстиция министрлигинде кызматтык кат болбойт деп алгач эле айтканмын. Керек учурда гана болбосо, калганын бири-бириңерге барып бетме-бет чечишкиле деген тапшырма берилген. Көзөмөл механизми да ошого тиешелүү болот. Албетте, учурда WhatsApp и Zoom сыяктуу социалдык тармактарда иш группалар бар. Алар аркылуу ар бир орун басар, кызматкерлер менен түз иштешем. Бул иштин ыкчамдыгына түрткү болот”,- деди Баетов.