Ысырапкорчулукту күч менен чектөөдөн майнап чыкпайт – Койчиев

Коом Загрузка... 27 Январь 2026 15:45
WhatsApp Image 2026-01-27 at 16.46.38 (1).jpeg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.01.26. /Кабар/. Ысырапкорчулукка карата күч менен административдик чаралар менен чектөө киргизүүдө майнап чыкпайт. Мындай пикирин мамлекеттик катчы Арслан Койчиев "Кабар" агенттигинин "Элден собол" берүүсүнүн жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, анткени менен ысырапкорчулукту азайтуу боюнча сунуштардын айтылып башталганынын өзү жакшы көрүнүш.

“Долбоордун алкагында коомдук талкуу болсун, биздин философ, этнограф, социологдор жаңы кыргыз маданиятын жаратуунун өнөктүгүн жүргүзүшсүн. Мисалы, үйлөнүү тойдо коноктордун саны 200 кишиден ашпоосу керек деп жазылган. Азыр жаштар кыргыз элинин көп бөлүгүн түзөт. Жаштар биздин келечек. Анан алардын келечегин чектөө кандайдыр бир алар тараптан терс кабыл алынып калабы деп корком. Бирок, биз аларга кам көрүп жатабыз. Аларга каржылык кысым, басым көрсөтүлбөсүн деген максатта. Мүмкүн үйлөнүү тойду мүмкүн болушунча маданияттуу өткөрүү эрежелери иштелип чыкса, ошолор көбүрөөк үзүрүн береби деп ойлойм.

Экинчиден мал союну карап көрсөк, өзүм Европада, Азия өлкөлөрүндө жашап көргөнүмдөй, той-аштарды өткөрүүдө чектөө жок. Негизгиси болгон эт тартуу маданиятын алсак, чара-чара эттерди тартабыз. Кап-кап кылып көтөрүп кетебиз, ал желбей калат. Ошонун өзүндө аша чапкандык болуп жатат. Ошону жөнгө салышыбыз керек. Устукан тартуу дагы биздин илгертен келе жаткан каада-салт. Кыргыздардын устукан тартуусунун өзү япондордун чай берүү аземине окшош",-дейт Койчиев.