Бишкек, 17.03.26 /Кабар/. Ысык-Көлдү тазалоо иштеринин жүрүшүндө 4 жылда 900 миң метр тор чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биоресурстар жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары башкармалыгынын башкы адиси Дерсуу Акпаралыев билдирди.
Маалымдалгандай, анын ичинен 200 миң метрден ашууну чирип, эскилиги жетип колдонулбай калган синтетикалык торлор болгон.
“Президенттин жарлыгын ишке ашыруу максатында Ысык-Көлдү тазалоо боюнча комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Таштандылардан арылуу максатында жыл сайын активдүү түрдө ишембиликтер өткөрүлүп, 50 миң тоннадан ашык таштанды Ысык-Көлдүн жээгинен тазаланып жатат. Ошондой эле синтетикалык торлор боюнча көптөгөн мыйзамдар жаңыланып, чектөөлөр киргизилди. Биздин тийиштүү кызматкерлер тарабынан күчөтүлгөн режимде тазалоо иштери жүрүүдө”, — деди Акпаралыев.
Бул иш-чаралар тийиштүү министрликтер менен биргеликте жүргүзүлүп жатканы белгиленди.