Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Ысык-Көлдөгү Казакстан пансионатын 5 жылдыздуу мейманкана кылуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, аны кийинки жылы бүтүрүү пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында жалпысынан 12 маселе каралган. Алардын катарында эки өлкөнүн ортосундагы чек арадан өтүү, жол инфраструктурасы жана жарандар үчүн түзүлгөн шарттар талкууланды.
“Жакында Казакстанда чет өлкөлүк жарандарды киргизүүдө ETA деп аталган каттоо системасы киргизилген. Анын алкагында бизде бир топ суроолор бар болчу. Кыргызстандын жарандары Казакстанга өткөндө кандай маселелер, кыйынчылыктар жаралып жатканы талкууланды. Ошондой эле Токмок жана Кең-Булуң чек ара өткөрүү пункттарындагы оңдоо иштерин жүргүзүү, андагы көпүрөнү калыбына келтирүү жана кыргызстандыктардын Казакстанга өтүүсүн жеңилдетүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү”, - деди ал.
Мындан тышкары, эки өлкөнүн ортосундагы эл аралык мамилелерге жана өкмөттөр аралык кызматташтыкка байланыштуу бир катар маселелер каралган.
Акунбеков жолугушуулардын жүрүшүндө кыргыз тарап үчүн маанилүү маселелер талкууланып, бир катар жыйынтыктарга жетишилгенин кошумчаланды.