Ысык-Көлдө муз жарылып, сууга түшүп кеткен 2 адам куткарылды

Кырсык Загрузка... 12 Февраль 2026 18:06
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Бүгүн Каракол шаарынын Дача тилкесинде көл үстүндөгү муз жарылып, 2 адам сууга түшүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, алар 2008-жылы туулган Т.К. аттуу кыз жана 1996-жылы туулган Р.Р. аттуу эркек болгон.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, сууга түшүп кеткен аялды аман-эсен чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Ал эми эркекти жергиликтүү тургун суудан аман-эсен чыгарган.